# 76-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу мөөнөттөрүн өзгөртүүнүн жалпы шарттары

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 76-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-76

---

1. Салык милдеттенмелерин аткаруунун, ошондой эле салык карыздарын жоюунун (мындан ары ушул главада - салык карызынын суммасы) мөөнөтүн өзгөртүү деп салык карызынын суммасын төлөөнүн белгиленген мөөнөтүн кыйла кийинки мөөнөткө которуу түшүнүлөт.

2. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул главада каралган тартипте гана жол берилет.

Төлөө мөөнөтү ушул главада башкача каралбаса салык карызынын төлөнбөгөн суммасына проценттерди эсептөө менен салык карызынын төлөнүүгө тийиш болгон бардык суммасына же болбосо анын бөлүктөрүнө карата өзгөртүлүшү мүмкүн.

3. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү кийинкиге жылдыруу жана/же бөлүп төлөө формасында ишке ашырылат.

4. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү аны төлөө боюнча колдонуудагы милдеттерди жойбойт жана жаңыларын түзбөйт.

5. Салык карызынын суммасын төлөө мөөнөтүн өзгөртүү банктык кепилдик менен гана жүргүзүлөт.

6. Бул берененин жоболору акциз салыгы боюнча салык карызынын суммасына карата колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-77)
