# 74-берене. Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткаруу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 74-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-74

---

1. Салык төлөөчү - уюм же жеке ишкер өз мойнуна алган, ушул Кодекстин 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык аныкталган салык карыздарынын суммасын төлөбөгөн же толук түрдө төлөбөгөн учурда салык органы салык төлөөчүнүн - уюмдан же жеке ишкерден алардын макулдугусуз эле талашсыз өндүрүп алууга жана өндүрүлүп алынган каражаттарды мындай карыздын суммасын төлөө үчүн жумшоого укуктуу.

2. Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасын салык төлөөчүнүн эсептеринен өндүрүп алуу салыктык төлөм талабын (мындан ары бул беренеде - СТТ) банкка берүү аркылуу жүргүзүлөт.

3. СТТ салык төлөөчүнүн эсебинен, анын ичинде валюталык эсептен анын салыктарын төлөө эсебине акча каражаттарын банкка СТТ түшкөн күндөн кийинки бир операциялык күндөн кечиктирбестен эсептен чыгаруу аркылуу банк тарабынан аткарылат.

4. СТТны банк алган күнгө карата салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болсо, мындай талап бул эсепке акча каражаттарынын түшүшүнө жараша ушундай ар бир каражат түшкөн күндөн кийинки күнкү бир операциялык күндөн кечиктирбестен аткарылат.

5. Банктагы салык төлөөчүнүн эсептеринде акча каражаттары жетишсиз же жок болсо, салык органы салык төлөөчү моюнга алган салык карызын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен форма боюнча накталай акча каражаттарын өндүрүү жөнүндө акт боюнча накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алууга көрсөтмөкаттын негизинде укуктуу болот.

Ушул пунктка ылайык өндүрүлгөн болгон акча каражаттары алар өндүрүлүп алынган күндөн кийинки 2 жумуш күнүнөн кечиктирилбестен, аларды салык төлөөчүнүн эсебине кириштөө, андан кийин бюджетке которуу үчүн банкка берилет.

6. Салык төлөөчүдө акча каражаттары жетишсиз же жок болгон учурда салык органы салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын чектеринде үчүнчү жактардын эсебинен накталай акча каражатын өндүрүп алууга укуктуу.

Үчүнчү жактардын эсебинен өндүрүп алуу талашсыз тартипте, салык төлөөчүнүн жана үчүнчү жактардын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысынын негизинде, салык төлөөчүгө үчүнчү жактын документтүү ырасталган карызы болгондо жүргүзүлөт.

7. Эгерде салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткарууну салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактардын накталай акча каражаттарынын жана/же эсептердеги акча каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу жөнүндө чечим салык төлөөчүгө тапшырылса, бирок салык төлөөчү тиешелүү чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде берилген чечимди аткарбаса, же берилген чечимге ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаган учурда ушул берене колдонулат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-75)
