# 73-берене. Салык төлөөчүнүн депозити

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.05.2019 [Закон КР от 17 мая 2019 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере бюджетного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/111911); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120991..1120992>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-73>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-73.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 73-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-73

---

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда алдыдагы мезгилде салык төлөөчүдө келип чыгышы мүмкүн болгон салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткаруу салык милдеттенмесинин өлчөмүндөгү акча каражаттарын салык кызматынын органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн депозити аркылуу төлөө менен камсыз кылынышы мүмкүн.

2. Депозитти кабыл алган салык органы депозитти төлөгөндүгүн ырастоочу маалымкатты салык төлөөчүгө берет.

3. Салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн депозитин кабыл алган салык кызматынын органынын чечиминде каралган учурларда, шарттарда жана мөөнөттөрдө гана депозиттик эсепте сакталган суммаларды тескөөгө укуктуу.

4. Салык депозитинин суммасына пайыздар эсептелбейт.

5. Депозит аркылуу камсыз кылуунун натыйжасында салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыккан учурлар болсо, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин суммасы депозиттин суммасынан алынып бюджетке которулат.

6. Салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыкпаган учурлар болсо, ошондой эле салык милдеттенмеси салынган депозиттин суммасынан аз өлчөмдө болсо, төлөнгөн акча каражаты жана алардын калдыгы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет же анын каалоосу боюнча алдыдагы мезгилдер үчүн салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу же башка салыктар боюнча милдеттенмелерин аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

7. Төлөнгөн суммаларды кайтарып берүү же кириштөө салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген документтерди берүү менен салык кызматынын органдарына арыз тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып жыйырма күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2019-жылдын 17-майындагы № 64 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-72)  
Кийинки берене: [74-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-74)
