# 71-берене. Туумдарды эсептөө

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-71>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-71.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 71-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-71

---

1. Туум деп салык милдеттенмесин аткарбаган же аткаруунун мөөнөтү өтүп кеткен учурда салык төлөөчү төлөөгө тийиш болгон акчалай сумма түшүнүлөт.

2. Туумдун суммасы салык милдеттенмесин мажбурлап аткартуу чараларын, ошондой эле салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликтин башка чараларын колдонууга карабастан эсептелет жана төлөнөт.

3. Туумдар салык милдеттенмесин аткаруу үчүн ушул Кодексте белгиленген күндөн кийинки күндөн тартып салык милдеттенмесин аткаруунун мөөнөтү өткөн ар бир календардык күн үчүн эсептелет.

4. Эсептелген туум салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасынын жүз пайыз өлчөмүнөн ашпашы керек.

5. Мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн туум салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасына карата пайыздар менен аныкталат.

6. Туумдун суммасы мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн салык калдыгынын өлчөмүнүн 0,09 пайызына барабар өлчөмдө эсептелет.

7. Туум төмөнкүлөргө карата эсептелбейт:

1) эсептелген пайыздардын, туумдардын жана салыктык санкциялардын суммасына;

2) салык төлөөчүнү банкрот деп таануу же жарыялоо жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып банкрот деп таанылган салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасына;

3) соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып бул чечим жоюлганга чейин кабарсыз жоголду деп табылган жеке жактын салык калдыгынын суммасына;

4) салык калдыгынын келип чыгышынын бирден бир себеби тейлөөчү банктын жоюлушу болуп саналган учурда банкты мажбурлап жоюу жөнүндө чечим күчүнө кирген учурдан тартып мажбурлап жоюлуучу банктын кредиторунун - салык төлөөчүнүн салык калдыгынын суммасына;

5) мамлекеттик бюджетте төмөнкүдөй максаттарга каралган ассигнациялоонун чектеринде салык төлөөчү тарабынан берилген товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн өз учурунда каржылабай калуунун натыйжасында келип чыккан салык калдыгынын суммасына;

6) ал жеткис күчтүн кесепетинен келип чыгуучу салык калдыгынын суммасына;

7) кийинкиге жылдырылган же бөлүп төлөнүүчү салык карызынын суммасына.

---

Мурунку берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-70)  
Кийинки берене: [72-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-72)
