# 68-берене. Салык милдеттенмесин токтотуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112153)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2020 [Закон КР от 31 декабря 2020 года № 13 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам экономической амнистии"](https://aqlex.ai/kg/doc/112153); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 29.01.2010 [Закон КР от 29 января 2010 года № 22 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/202734)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121009..1121010>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-68>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-68.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 68-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-68

---

Төмөнкүдөй учурларда салык милдеттенмеси токтотулат, ал эми салык карызы жоюлду деп эсептелет:

1) салык милдеттенмеси талаптагыдай аткарылганда жана салык калдыгы, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары төлөнгөндө;

2) ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөндө;

3) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) укук улантуучусу же мураскери болбогон жеке жак өлгөндө;

5) кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп табылган жеке жактын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда;

6) өзүнчө кабыл алынган мыйзам менен субъектилердин карызын эсептен чыгаруу боюнча.

7) жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларациялоо жол-жоболору аяктаганда.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы № 22, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-67)  
Кийинки берене: [69-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-69)
