# 66-берене. Кабарсыз жок болгон же аракетке жарамсыз жеке жактын салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 66-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-66

---

1. Кабарсыз жоголгон же аракетке жарамсыз жеке жактын салык милдеттенмесин анын опекуну, багуучусу же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүргүзгөн башкаруучу тарабынан сот жеке жакты кабарсыз жоголду же ишке жарамсыз деп тапкан күндөн кийинки күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен жеке жактын мүлкүнүн эсебинен аткарылат.

2. Сот жеке жакты кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп тапкандыгы жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып он жумушчу күндүн ичинде сот өз чечиминин көчүрмөсүн жиберүү аркылуу аталган жеке жак катталган жердеги салык кызматынын органына билдирүүгө милдеттүү.

3. Кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп таанылган жеке жак каттоодо турган жердеги салык кызматынын органы опекунга, камкорчуга же мүлктү ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган башкаруучуга, ошондой эле үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча органга кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп табылган жеке жактын аткарылбай калган салык милдеттенмесинин бар экендиги жөнүндө кабардама берүүгө милдеттүү.

Жеке адамдын ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткарылбаган салык милдеттенмеси бар экени жөнүндө чечим, жеке адамды кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде берилет.

4. Кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп табылган жеке жактын салык карызы анын салык карызын аткаруу үчүн ошол жеке жактын мүлкү болбогон же жетишсиз болгон учурда үмүтсүз карыз деп таанылат.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-67)
