# 64-берене. Банкрот деп таанылган же жарыяланган төлөөгө жарамсыз уюмдун же жеке ишкердин салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 64-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-64

---

1. Төлөөгө жарамсыз деп табылган же банкрот деп жарыяланган уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Салык милдеттенмесин эсептөө төлөөгө жарамсыз уюмду банкрот деп табуу же жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып токтотулат.

3. Жоюу жол-жоболорун колдонуу менен банкроттолуу процессинде, бул жол-жоболорду ишке ашыруу процессинде турган төлөөгө жарамсыз уюмдарда салык милдеттенмеси келип чыкпайт.

4. Эгерде төлөөгө жарамсыз уюм санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорун колдонуу менен банкроттолуу процессинде турса, салык кызматынын органынын салык карызын мажбурлап өндүрүү боюнча бардык иштери токтотулат.

Мында бул уюмга карата ар кандай мүлктүк талаптар салык кызматынын органы тарабынан санациялоо же реабилитациялоо жол-жоболорунун чектеринде гана коюлушу мүмкүн.

5. Санациялоо же болбосо реабилитациялоо жол-жоболору башталганга чейин төлөөгө жарамсыз уюмда түзүлгөн салык карызы уюмдун жогоруда көрсөтүлгөн банкроттолуу жол-жоболору аяктагандан жана анын төлөө жарамдуулугу калыбына келтирилгенден кийин гана төлөнүүгө тийиш.

6. Банкрот деп табылган же жарыяланган жеке ишкердин салык милдеттенмесин, ошондой эле салык карызын аткаруу уюмдар үчүн ушул беренеде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-65)
