# 63-берене. Төлөөгө жарамдуу уюмдун салык милдеттенмесин аткаруу жана салык карызын жоюу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 63-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-63

---

1. (КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Жоюлуучу, төлөөгө жарамдуу уюмдун салык милдеттенмеси ошол уюмдун, анын ичинде уюмдун мүлкүн сатуудан түшкөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде белгиленген кезектүүлүк тартибинде жоюу комиссиясы тарабынан аткарылат.

3. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, жоюу мезгилинде келип чыккан салык милдеттенмеси ушул Кодексте белгиленген жалпы тартипте мындай милдеттенменин келип чыгышына жараша жоюу комиссиясы тарабынан аткарылат.

4. Эгерде жоюлуучу уюмдун акча каражаттары болбосо же салык карызын толук көлөмдө төлөө үчүн жетишсиз санда болсо, мындай учурда:

1) уюм банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн. Мындай учурда салык кызматынын органы бул уюмга банкроттолуу процессин козгой алат;

2) салык карызы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген учурларда, чектерде жана тартипте аталган уюмдун уюштуруучулары (катышуучулары) тарабынан жоюлууга тийиш.

5. Эгерде жоюлуучу уюмдун салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн суммасы болсо, аталган сумма ушул Кодексте белгиленген тартипте жоюлуучу уюмдун салыктык карызын аткаруу эсебине кириштелүүгө тийиш.

6. Жоюлуучу уюмдун салык карызы жок болсо, салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасы ушул Кодексте белгиленген тартипте ошол уюмга кайтарылып берилүүгө тийиш.

(КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-64)
