# 60-берене. Салык милдеттенмелерин аткаруу датасы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205233)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120932..1120933>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 60-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-60

---

1. Салык милдеттенмесин аткаруу датасы болуп төмөнкүлөр саналат:

1) эгерде акча каражаты бюджетке толук көлөмдө түшкөн учурда, төлөм тапшырмасын аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражаттар болгондо салыктын эсептелген суммасын которууга банкка төлөм тапшырмасы берилген күн;

2) акча каражаты бюджетке түшкөн учурда толук көлөмүндө бул төлөм тапшырмасын аткаруу үчүн салык төлөөчүнүн эсебинде жетиштүү каражатынын жоктугунун себеби боюнча мурда аткарылбаган салыктын эсептелген суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк аткарган күн;

3) банкка же салык кызматынын органына салыктын эсептелген суммасын которуу үчүн накталай акча каражаттарын төлөгөн күн;

4) салык карыз эсебине жана/же алдыдагы салык милдеттенмесин аткаруу эсебине салыктардын ашыкча төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн суммаларын эсеп кылуу жөнүндө салык кызматынын органы чечим кабыл алган күн.

5) салык кызматы органы тарабынан КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жөнүндө чечим кабыл алынган күн.

2. Салык милдеттенмеси төмөнкүдөй учурларда мөөнөтүндө аткарылган жок деп табылат:

1) эгерде акча каражаты ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө бюджетке түшпөсө;

2) салык төлөөчү салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын кайра сурап алса;

3) салыктын суммасын которууга төлөм тапшырмасын банк салык төлөөчүгө кайтарып берсе;

4) эгерде салык төлөөчү банкка салыктын суммасын которууга төлөм каражатын көрсөткөн күнү бул салык төлөөчүгө коюлган жана аткарылбаган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кезексиз же болбосо биринчи кезектеги тартипте аткарылуучу башка акчалай талаптар болсо жана салык төлөөчүнүн эсебинде мындай бардык акчалай талаптарды канааттандыруу үчүн жетиштүү акча каражаттары болбосо;

5) салыктын эсептелген суммаларын которуу үчүн төгүлгөн накталай акча каражаттарын салык төлөөчү кайра сурап алса.

(КР 2014-жылдын 18-январындагы № 13 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-61)
