# 59-берене. Салык милдеттенмесин аткаруу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 59-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-59

---

1. Салык милдеттенмеси Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарына ылайык талаптагыдай аткарылышы керек.

2. Салык милдеттенмесин аткаруу салык төлөөчү тарабынан өз алдынча же Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган учурларда башка бир үчүнчү жак аркылуу ишке ашырылат.

3. Салык милдеттенмесин аткаруу деп салыктын бардык эсептелген суммасын төлөө эсебине накталай эмес тартипте банк аркылуу акча каражаттарын которуу жана/же накталай акча каражаттарын төлөө саналат.

4. Салык төлөөчү салыктын бардык суммасын дароо же бөлүп төлөө менен салык милдеттенмесин аткарууга укуктуу.

5. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.

6. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык милдеттенмесин аткаруудан баш тартууга же аны аткаруу тартибин өзгөртүүгө жол берилбейт.

7. Салык милдеттенмесин аткаруу салыктык укук бузуу үчүн жоопкерчиликке тартууга көз карандысыз түрдө ишке ашырылат.

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-60)
