# 55-берене. Салык милдеттенмеси

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 141 "О внесении дополнения и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205362)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120935..1120936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 55-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-55

---

1. Салык милдеттенмеси деп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген жагдайлар болгондогу салык төлөөчүнүн милдети саналат.

2. Салык милдеттенмеси акчалай милдеттенме болуп саналат.

3. Салык кызматынын органдары салык төлөөчүдөн салык милдеттенмелерин аткарууну талап кылууга милдеттүү.

4. Салык милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарган учурда салык кызматынын органдары аны камсыз кылуу боюнча ыкмаларды жана ушул Кодексте белгиленген тартипте салык милдеттенмесин мажбурлап аткартуу чараларын колдонууга укуктуу.

5. Салык кызматынын органдарына салык төлөөчүдөн салыктык милдеттенменин суммасынан ашык акчалай каражаттарды төлөөнү талап кылууга тыюу салынат.

(КР 2014-жылдын 18-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-56)
