# 52-берене. Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө салык жана бажы органдарынын ыйгарым укуктарын ажыратуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120988..1120989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 52-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-52

---

1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүсүндөгү товарларды импорттоодо жана экспорттоодо, жумуштарды аткарууда, кызматтарды көрсөтүүдө, КНС жана акциз салыгын администрациялоо салык кызматы органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Бажы органдары КНС жана акциз салыгын администрациялоону жүзөгө ашырат:

1) Евразия экономикалык бирлигинин Кыргыз Республикасындагы бажы чек арасы аркылуу товарларды жылыштырууда;

2) товарларды эркин бажы зонасынын, эркин кампанын же бажылык кампасынын бажы жол-жоболоруна жайгаштырууда, ошондой эле эркин бажы зонасынын, эркин кампанын же бажылык кампанын бажы жол-жоболорун бүткөрүүдө.

3. Эркин бажы зонасынын, эркин кампанын жана бажылык кампанын бажы жол-жоболорун бүткөрүүдө салыктарды администрациялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-51)  
Кийинки берене: [521-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-521)
