# 50-берене. Салык кызматынын органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 20.02.2013 [Закон КР от 20 февраля 2013 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203832); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 50-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-50

---

1. Салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары төмөнкүлөргө укуктуу:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган ченемдик укуктук актыларды ушул Кодексте белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

2) ушул Кодексте белгиленген тартипте салык контролун жүргүзүүгө;

3) салык контролун жүргүзүүдө салык төлөөчүдөн бюджетке салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө документтерин берүүнү талап кылууга;

4) салык төлөөчүдөн салыктарды эсептөө, кармоо жана төлөө документтерин, ошондой эле салыктарды эсептөөнүн жана өз учурунда кармоонун, төлөөнүн тууралыгын тастыктоочу документтерди толтуруу боюнча түшүндүрмөлөрдү талап кылууга;

5) салык контролун жүргүзүүнүн жүрүшүндө ушул Кодексте аныкталган тартипте салык төлөөчүдөн документтердин көчүрмөлөрүн алууга;

6) салык контролун толук жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон ар кандай аймактарды, жайларды, документтерди жана нерселерди ушул Кодекске ылайык текшерүүнү жүргүзүүгө;

7) текшерилүүчү салык төлөөчүгө салык салууга байланыштуу маселелер боюнча ушул Кодексте белгилеген тартипте банктардан салык төлөөчүнүн банктык эсептеринин болушу жана номерлери жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген коммерциялык, банктык жана башка корголуучу купуя сырды түзүүчү маалыматтарды таратуу талаптарын сактоо менен, бул эсептердеги акчалардын калдыгы жана жүгүртүлүшү жөнүндө маалыматтарды алууга;

8) ушул Кодексте каралган учурларда жана тартипте баалоонун кыйыр методдорунун негизинде салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аныктоого;

9) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

10) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган негиздер боюнча, анын ичинде мажбурлоо менен салык төлөөчүнү жоюу жөнүндө сотко доо арызын берүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузгандык аныкталганда аны четтетүүнү талап кылууга жана көрсөтүлгөн талаптардын аткарылышын контролдоого;

12) салык салуу объекттерине жана салыктык милдеттенмелерди эсептөөгө байланыштуу ушул Кодекске ылайык башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалымат талап кылууга жана алууга;

13) салыктарды жыйноо боюнча контроль жүргүзүүгө;

14) салык контрактын түзүүгө;

15) Ушул Кодекске ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоо.

16) фискалдык программалык камсыз кылууну функционалдык арналыштарына ылайык келүүсүн текшерүүнү жүзөгө ашырууга;

17) төмөнкү учурларда товардык материалдык баалуулуктардын калдыктарын алууга:

а) салык төлөөчү КНС боюнча отчетту нөлдүк көрсөткүчтөр менен берген же салык төлөөчү товарларды сатуу фактылары болгондо кийинки катар келген 2 календарлык айдын ичинде КНС боюнча отчет бербеген;

б) ишкердик иш салыктык каттоосуз жүзөгө ашырылган;

18) салык контролун жүргүзүүдө салыктык каттоосуз жана/же патенттин негизинде салыкты төлөбөстөн ишти жүзөгө ашырган учурда салык төлөөчүнүн иши менен байланышкан мүлк объекттерин мөөр басып бекитүүгө.

2. Ушул Кодексте белгиленген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн салык кызматынын органдары жана алардын кызмат адамдары ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга да ээ болот.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2013-жылдын 20-февралындагы № 25, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-51)
