# 5-берене. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 января 2010 года № 22 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики](https://aqlex.ai/kg/doc/202734)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120886..1120887>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 5-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын принциптери ушул Кодексте аныкталат.

2. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары төмөнкүдөй принциптерге негизделет:

1) салык салуунун мыйзамдуулугуна;

2) салык салуунун милдеттүүлүгүнө;

3) салык системасынын бирдиктүүлүгүнө;

4) салык мыйзамдарынын ачык-айкындыгына;

5) салык салуунун акыйкаттуулугуна;

6) салык төлөөчүнүн ак ниеттүүлүгүнүн презумпциясына;

7) укук ченемдүүлүктүн презумпциясына;

8) салык салуунун аныкталгандыгына.

3. Салык мыйзамдарынын нормалары ушул Кодексте белгиленген принциптерге карама-каршы келиши мүмкүн эмес.

4. Салыктарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине таандык.

Салыктар ушул Кодекс менен гана белгиленет жана жокко чыгарылат. Субъектилердин салыктык карызын эсептен чыгаруу жөнүндөгү чечим өзүнчө мыйзам менен кабыл алынат.

5. Жергиликтүү салыктар жергиликтүү кеңештерге ушул Кодекс менен берилген ыйгарым укуктардын чектеринде жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилет.

6. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары болуп саналбаган мыйзамдарга, ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары, салыктык укук мамилелерин жөнгө салуучу нормаларды киргизүүгө тыюу салынат.

7. Салыктык укук мамилелерин жөнгө салуу үчүн зарыл болгон нормалардын жок экендиги салык төлөөчүгө, салыктык өкүлгө каршы колдонулушу мүмкүн эмес.

(КР 2010-жылдын 29-январындагы № 22 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-6)
