# 46-берене. Салык боюнча өкүл, анын ыйгарым укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 46-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-46

---

1. Салык төлөөчү салыктык укук мамилелерине жеке өзү, ошондой эле салык боюнча өкүлү аркылуу катышууга укуктуу.

2. Салык боюнча өкүл салыктык укук мамилелеринде салык төлөөчүнүн атынан чыгууга укуктуу.

3. Салыктык укук мамилелерине салык төлөөчүнүн өзүнүн катышуусу аны салык боюнча өкүл күтүү укугунан ажыратпайт, ошону менен бирге эле салык боюнча өкүлдүн катышуусу салык төлөөчүнү салыктык укук мамилелерине жеке өзү катышуу укугунан ажыратпайт.

4. Салык боюнча өкүлдүн ыйгарым укуктары, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги төмөнкүлөр боюнча аныкталат:

1) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары;

2) салык төлөөчүнүн жана салык боюнча өкүлдүн ортосунда түзүлүүчү жарандык-укуктук келишим;

3) салык боюнча өкүлгө салык төлөөчү тарабынан берилген ишенимкат.

5. Салыктык укук мамилелерине ушул салык төлөөчүнүн катышуусуна байланышкан салык төлөөчүнүн салык боюнча өкүлүнүн аракети же аракетсиздиги салык төлөөчүнүн аракети же аракетсиздиги катары таанылат.

6. Мамлекеттик орган же мамлекеттик органдын кызмат адамы салык төлөөчүнүн салык боюнча өкүлү боло албайт.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-47)
