# 44-берене. Салык төлөөчүнүн милдеттери

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 13.04.2018 [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776); 26.07.2016 [Закон КР от 26 июля 2016 года № 140 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111421); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 44-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-44

---

1. Салык төлөөчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) белгиленген тартипте салык кызматынын органында катталууга;

2) салык милдеттенмесин аткарууга;

3) ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык салык милдеттенмесин эсепке алууну жүргүзүүгө;

4) ушул Кодексте белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салык отчетун берүүгө;

5) ушул Кодексте белгиленген учурларда жана тартипте түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды жана документтерди берүүгө;

6) салыктык укук бузуулардын кесепеттерин четтетүү же салыктык укук бузууларга алып келүүчү аракеттерди же аракетсиздикти токтотуу жөнүндө салык кызматынын органдарынын мыйзамдуу көрсөтмөсүн аткарууга;

7) салык кызматынын органдарынын кызмат адамдары ушул Кодекстин негизинде кызматтык милдеттерин аткарып жатканда алардын мыйзамдуу иш-аракетине тоскоол болбоого;

8) көрсөтмөкаттын негизинде көчмө салык текшерүүсү, рейддик салык текшерүүсү жана салык постун белгилөө формасында салык контролун, ошондой эле хронометраждык иликтөөлөрдү жүргүзгөн, ошондой эле салык төлөөчү мойнуна алган салык карыздарын накталай акча каражаттарынын эсебинен өндүрүп алууну жүргүзгөн учурда, салык кызматынын органдарынын кызмат адамдарын бар болушу же пайдаланылышы салык милдеттенмелеринин келип чыгышына алып келүүчү аймакка же жайга киргизүүгө;

9) салык милдеттенмелерин эсепке алууну жана аткарууну ырастаган документтердин төмөнкүдөй мөөнөттөрдө сакталышын камсыз кылууга:

а) кагаз түрүндөгү жана электрондук документтерди - ыктыярдуу патенттин негизинде сатып алууну жана салыктарды төлөөнү ырастаган документтерди кошпогондо, кеминде 6 жылдын ичинде;

б) ыктыярдуу патенттин негизинде сатып алууну жана салыктарды төлөөнү ырастаган документтерди - 3 жылдын ичинде;

10) салык кызматынын органынын текшерүү жүргүзгөн кызмат адамына текшерүүнү же контролдоону каттоо үчүн инспектордук текшерүүлөр китебин көрсөтүүгө;

11) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткаркы эсептер жөнүндө маалыматты кошо алганда, банктардагы эсептерди ачуу же жабуу тууралуу мындай эсептер ачылган же жабылган күндөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн аралыгында билдирүүгө.

12) салык органдарын кабарлоого:

а) Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттерден алдыда импорттолуучу товарларды ала тургандыгы тууралуу;

б) ташып келинген товарлардын касиетин жана мүнөздөмөсүн өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагынан ташылып кетүүчү товарларды Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына убактылуу ташып киргизүү тууралуу;

в) чыгарылган товарлардын сапатын жана касиетин өзгөртпөстөн кийин Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Евразия экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына убактылуу ташып чыгаруу тууралуу.

13) товарларды маркалоону жүзөгө ашырууга, маркалануучу товарлар жөнүндө маалыматтарды берүүгө жана товарларды маркалоого карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарында каралган милдеттерди аткарууга.

Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө - мамлекеттердин аймагына товарларды ташып келүү (ташып чыгаруу) тууралуу кабарлоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипке ылайык пайдаланууга уруксат берилген фискалдык программалык камсыз кылууну пайдаланууга.

2. Салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка милдеттерди да аткарат.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2016-жылдын 26-июлундагы № 140, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-45)
