# 43-берене. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыз кылуу жана коргоо

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 21 ноября 2019 года № 130 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111977)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120997..1120998>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 43-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-43

---

1. Кыргыз Республикасы салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоону кепилдейт.

2. Салык төлөөчүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун тартиби ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында аныкталат.

3. Салык төлөөчүнүн укуктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ошондой эле алардын кызмат адамдарынын тийиштүү милдеттери менен камсыз кылынат.

4. Салык төлөөчүнүн укуктарын камсыздоо боюнча милдеттерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.

(КР 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-44)
