# 397-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 61-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 108 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112070)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121002..1121003>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-397>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-397.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 397-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-397

---

1. Майнингге салык ушул главага ылайык салык салынууга жаткан ишке карата төмөнкүлөрдүн ордуна ушул салыкты төлөө милдетин карайт:

1) пайдага салык;

2) салык салынуучу беримдерге КНС;

3) сатуудан салык.

2. Майнингге салык төлөөчү уюмдар жана жеке ишкерлер (мындан ары ушул главада - салык төлөөчүлөр) ушул Кодекске ылайык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн салыктарды төлөөгө милдеттүү.

3. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген учурларда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.

4. Иштин башка түрлөрү менен алектенген салык төлөөчүлөр ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин ошол түрлөрү боюнча өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчет берүүгө жана салык төлөөгө милдеттүү. Мында майнинг боюнча кеткен чыгымдар иштин башка түрлөрү боюнча жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууга кирбейт.

5. Салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча ушул майнингге салыкты төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 108 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [396-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-396)  
Кийинки берене: [398-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-398)
