# 390-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 60-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 390-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-390

---

1. Жеке ишкер чекене сатуулардан салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына ылайык салыктарды төлөөгө укуктуу (мындан ары ушул главада - салык төлөөчү).

2. Салыктардын төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөйт;

1) пайдага салыкты;

2) сатуулардан салыкты.

3. Чекене сатуулардан салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга төмөндөгүлөр укуксуз:

1) КНС төлөөчү болуп саналган жана/же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкан жеке ишкер;

2) уюмдар.

4. Салык төлөөчү жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдуу эсептик кирешеден эсептелүүчү салыкты төлөө менен ар бир жалданма кызматкерге ыктыярдуу патент сатып алууга милдеттүү.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [389-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-389)  
Кийинки берене: [391-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-391)
