# 388-берене. Жогорку технологиялар паркынын субъекттеринин салык төлөө өзгөчөлүгү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 59-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2011 года № 87 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120898..1120899>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 388-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-388

---

1. Эгер ушул главада башкача каралбаган болсо, ушул Кодекстин 386-берененин талаптарына жооп берген Жогорку технологиялар паркынын резидентинин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган мөөнөткө төмөнкү салыктардан бошотулат: түшкөн пайдадан алынган салыктан, сатуудан алынган салыктан, кошумча нарктан алынган салыктан. Жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин салык төлөөдөгү колдонуу мөөнөтүн ушул главага ылайык Жогорку технологиялар паркынын режиминин колдонуу мөөнөтүнөн кандай гана учурда болбосун жогорулатууга болбойт.

2. Жогорку технологиялар паркынын резидентинин кызматкерлери, Жогорку технологиялар паркынын резиденттери - жеке ишкерлер, анын дирекциясы (имараттарды, жайларды, жер аянттарын тейлеген жана кайтарган кызматкерлерден башкасы) үчүн жеке киреше салыгынын ставкасы 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

Ушул кодекске ылайык Кыргыз Республикасындагы булактардан кирешеден алынуучу салыкты эсептеп чыгуу жана төлөө салык алууга жатат.

3. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, Жогорку технологиялар паркынын резиденти статусунан ажыраганда, статусунан ажырагандыгы тууралуу чечим кабыл алынган учурдан баштап ушул Кодекстин жалпы негизинде салык салуу жүргүзүлөт.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 87 Мыйзамынынн редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [387-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-387)  
Кийинки берене: [389-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-389)
