# 375-берене. ЭЭЗ субъектилерине салык салуунун өзгөчөлүгү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 57-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 января 2021 года № 15 "О внесении изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112172)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.01.2021 [Закон КР от 25 января 2021 года № 15 "О внесении изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112172); 11.05.2019 [Закон КР от 11 мая 2019 года № 59 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111904); 29.12.2014 [Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205389); 16.07.2009 [Закон КР от 16 июля 2009 года № 222 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202727); 28.03.2009 [Закон КР от 28 марта 2009 года № 89 О внесении дополнения и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202562)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121010..1121011>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-375>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-375.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 375-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-375

---

1. Эгерде ушул главада жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында башкача каралбаса, ЭЭЗдин ушул Кодекстин 372-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына жооп берген субъекттеринин иш-аракети салыктын бардык түрлөрүнөн бошотулат.

2. ЭЭЗ субъектиси болуп саналбаган субъекттин өндүрүштө пайдалануу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЗ субъектине берүүсүнө ушул Кодекстин 227-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген ставка боюнча КНС салынат.

3. Ушул Кодекстин 372-беренесинин жана "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына жооп бербеген ЭЭЗ субъектисинин ишмердигине ушул Кодекске ылайык КНС салынат.

Товарларды ЭЭЗ аймагынан Кыргыз Республикасынын калган аймагына берүү үчүн алып чыгууда, анын ичинде аларды ЭЭЗ субъекттери болуп эсептелбеген жактардын пайдасына ээликтен ажыратууда товарларга жалпы салык режимине ылайык салык салынат.

4. Товарларды ЭЭЗ чек арасы аркылуу алып өтүүдө алынуучу салыктарды администрациялоо Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын ЭЭЗ жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

41. Кыргыз Республикасынын аймагын кошпогондо, Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагына жеткирүү максатында ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн товарларды ташып чыгуу КНС төлөөдөн бошотулат.

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагына товарларды ташып келүү жана кыйыр салыктарды төлөө ырасталбаган учурда КНСтин суммасы төлөнүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн ЭЭЗ субъекттери көрсөткөн кызматтарга, жумуштарга жалпы салык режимине ылайык салык салынат. Кыргыз Республикасынын ички рыногунда керектөө үчүн ЭЭЗ субъекттери көрсөткөн кызматтар, жумуштар болуп эркин экономикалык зоналардын аймактарында жана Кыргыз Республикасынын калган аймактарында ЭЭЗ субъектилери эмес - каалаган уюмдар жана жеке адамдар тарабынан сатылып алынуучу кызмат көрсөтүүлөр, жумуштар эсептелет.

6. Кирешелерди төлөө булагында эсептелүүгө, кармалууга жана төлөнүүгө тийиш болгон кирешелерге ушул Кодекске ылайык салык салынат.

7. (КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 89 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

8. (КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 89 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

9. Эгер ЭЭЗ субъектиси ЭЭЗдин аймагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калган аймактарында жана анын чегинен сыртта ишмердик жүргүзсө, анда мындай ЭЭЗ субъектиси ушул Кодекске ылайык өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү.

(КР 2009-жылдын 28-мартындагы № 89, 2009-жылдын 16-июлундагы № 222, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167 , 2019-жылдын 11-майындагы № 59, 2021-жылдын 25-январындагы № 15 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [374-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-374)  
Кийинки берене: [376-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-376)
