# 371-берене. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу жана салык отчеттуулугу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 января 2015 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205447)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120939..1120940>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 371-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-371

---

1. Контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу контракттын шарттарында белгиленген өлчөмдөрдө, ар бир айдын 15 числосунан кийинки күнгө чейин ай сайын жүзөгө ашырылат.

2. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, турак-жай куруучуларынын иши боюнча контракт боюнча салыктык милдеттенмелерди аткаруу бирдей үлүштөр менен ай сайын жүзөгө ашырылат:

1) биринчи ырааттуу 12 айдын ичинде - контракт боюнча салыктык милдеттенменин жалпы суммасынын 20 пайызынан кем эмес өлчөмдө;

2) кийинки ырааттуу 12 айдын ичинде - контракт боюнча салыктык милдеттенменин жалпы суммасынын 30 пайызынан кем эмес өлчөмдө.

Турак-жай куруучулар контракт боюнча салыктык милдеттенмени мөөнөтүнөн мурда аткарууга укуктуу.

3. Контракт түзгөн салык төлөөчүлөр бирдиктүү салык декларациясын, анын ичинде милдеттенмелер контракттын негизинде жүзөгө ашырылуучу иштер боюнча салык декларациясын тапшырууга милдеттүү.

(КР 2015-жылдын 24-январындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [370-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-370)  
Кийинки берене: [372-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-372)
