# 369-берене. Контракт ыкмасы менен салыктык милдеттенмелерди аткарууга өтүү тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 56-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023); 24.01.2015 [Закон КР от 24 января 2015 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205447); 03.08.2013 [Закон КР от 3 августа 2013 года № 184 "О внесении изменения и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203995); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 369-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-369

---

1. Контрактты кайра түзүүгө ниеттенген турак жай куруучуларды кошпогондо, салык төлөөчү салыктык контракттын негизинде салык төлөөчү катары тиешелүү контракт түзүлгөн же кайра түзүлгөн жылдын алдындагы жылдын 1-ноябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен салык кызматынын органына арыз берүүгө милдеттүү.

Ишти 3 айдан ашык жүзөгө ашырган коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери кайсы айда болбосун салык контрагын түзүүгө укуктуу.

2. Контракттын негизинде салыктык милдеттенмелерин аткаруу жөнүндө арыз салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.

Арызда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:

1) салык төлөөчүнүн аталышы;

2) салык төлөөчүнүн юридикалык дареги;

3) идентификациялык салык номери;

4) финансылык ишинин натыйжалары;

5) (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) контракт үчүн базалык көрсөткүчтөр.

3. Салык төлөөчүнүн контракттын негизинде режимди колдонуу мүмкүнчүлүгү же аны колдонуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндөгү чечими арыз берген күндөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн ичинде салык органы тарабынан чыгарылат.

Салык төлөөчү салык контрактынын негизинде режимди колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алган учурда салык органы Ыйгарым укуктуу салык органынын макулдугу боюнча салык төлөөчү менен чечим кабыл алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде контракт түзөт. Салык органдары менен салыштыруу актысына ылайык салык милдеттемелерин ар жыл сайын тактоо менен турак-жай курулмаларынын ар бир объекти боюнча өзүнчө ырааттуу 36 айдан ашпаган мөөнөткө турак-жайларды куруучулар менен контракт түзүлөт. Контракт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген форма боюнча бир календарлык жылга түзүлөт жана жыл сайын кайра түзүлүшү мүмкүн. Контрактты кайра түзүү ушул берененин жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү контракттын негизинде режимди колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартууга же ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте контрактам кайра түзүүгө, токтото турууга, бузууга төмөнкү учурларда укуктуу:

1) ушул главада белгиленген шарттарга туура келбегенде;

2) контрактта каралган шарттарга туура келбегенде;

3) салык салуудан качууга өбөлгөлөр бар шарттар болгондо;

4) ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгондо.

4. Контракттын суммасына киргизилген салыктар боюнча контракттын колдонулуу мезгилинде утурлама текшерүүнү кошпогондо көчмө салыктык текшерүү жүргүзүлбөйт. Салыктык контролдоонун калган формалары ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.

5. Салык төлөөчүнү кайра уюштурууда контракттын колдонулушу токтотулат.

6. Турак-жай куруучулар календардык жыл ичинде контракттын негизинде салык төлөөнүн режимин колдонууга, ошондой эле контракт түзүүгө жана кайра түзүүгө укуктуу.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2013-жылдын 3-августундагы № 184, 2015-жылдын 24-январындагы № 25, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [368-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-368)  
Кийинки берене: [370-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-370)
