# 358-берене. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 55-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121000..1121001>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-358>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-358.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 358-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-358

---

1. Салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген тартипте салык салуу системасын өз алдынча тандап алууга укуктуу.

2. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга ниеттенген салык төлөөчү салыктык катталган жери боюнча бирдиктүү салыкты төлөөчү катары салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

21. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча каттоо төмөнкүдөй күчүнө кирет:

1) жаңыдан катталган салык төлөөчүлөр үчүн салыктык каттоо учурунан тартып;

2) иштеп жаткан салык төлөөчүлөр үчүн салык төлөөчү каттоо жөнүндө арыз берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып;

3) ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн ушул режим колдонулган учурдан тартып.

3. Ушул главада белгиленген шарттарга туура келбеген учурларда салык төлөөчү кийинки календарлык жылдын биринчи январынан тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн жалпыга белгиленген тартибине өтөт.

4. КНС боюнча каттоо чегинен ашкан учурда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттерди кошпогондо, ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.

5. Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасынан өз ыктыяры менен чыгууда салык төлөөчү бул чечим тууралуу ушул салык салуу системасынан чыгууга чейин жок дегенде бир ай калганда салык органына маалымдоого милдеттүү. Мындай учурда бирдиктүү салыкты төлөөчү катары эсептен чыгаруу кийинки жылдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.

1) ушул Кодекстин 2771-беренесинде белгиленген режимди колдонгон субъекттер үчүн кийинки жылы;

2) калган салык төлөөчүлөр үчүн кийинки айда.

6. Ушул берененин 5-бөлүгүнө ылайык бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоо эсебинен чыгарылган салык төлөөчү ушундай каттоо эсебинен чыгарылгандан үч жылдан кийин гана салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасына кайрадан өтүүгө укуктуу.

(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык))

---

Мурунку берене: [357-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-357)  
Кийинки берене: [359-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-359)
