# 355-берене. Салыктык отчетту берүүнүн тартиби. Салыкты төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023); 20.02.2017 [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 27 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111535); 28.05.2012 [Закон КР от 28 мая 2012 года № 68 "О внесении дополнений и изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203668); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120999..1121000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 355-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-355

---

1. Салык патент алуу менен ишкердикти баштаганга чейин төлөнөт.

2. Патент удаалаш өтүүчү календардык күндөрдүн кандай болбосун санына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, сатып алынышы мүмкүн. Патентти 90 календардык күнгө сатып алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 календардык күнгө - 10 пайызга төмөндөйт.

3. Салыктын суммасы туруктуу болот жана патент алынгандан кийин кайра эсептелбейт, ал эми салыктын төлөнгөн суммасы, колдонулуу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилине туш келген патенттин негизинде кайра эсептелген салыктын суммасын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте, патент алгандан кийин кайтарылып берилүүгө жатпайт..

4. Патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык патентте каралган ишкердикке карата бирдиктүү салыктык декларация тапшыруудан бошотулбайт, анда, эгер ушул главада башкача каралбаса, ыктыярдуу патенттин негизиндеги ишкердик боюнча иш жүзүндө алынган кирешелер аларды милдеттүү түрдө ырастабастан жана төлөнгөн салыктын суммасын кайра эсептебестен көрсөтүлөт. Бирдиктүү салыктык декларацияга патенттин көчүрмөсү тиркелиши керек.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 28-майындагы № 68, 2017-жылдын 20-февралында № 27, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [354-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-354)  
Кийинки берене: [356-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-356)
