# 354-берене. Салыктын суммасын аныктоонун тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120999..1121000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 354-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-354

---

1. Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын сунушу боюнча белгилейт.

2. Ыйгарым укуктуу салык органы салыктын базалык суммасынын чегинде салыктын суммасын иштин сезондуулугуна, кирешелүүлүгүнө, түрүнө жана жүргүзүү ордуна жараша такташтырууга укуктуу.

3. Салыктын базалык суммасын эсептөө, аныктоо жана такташтыруу, ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурду кошпогондо, хронометраждык иликтөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.

4. Эгер салык төлөөчү ыктыярдуу патенттин негизинде салык салынуучу ишкердиктин эки же андан ашык түрүн айкалыштырса, салыктын суммасы экономикалык ишкердиктин ар бир түрүнө өзүнчө белгиленет.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [353-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-353)  
Кийинки берене: [355-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-355)
