# 353-берене. Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 54-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 декабря 2018 года № 109 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111840)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.12.2018 [Закон КР от 24 декабря 2018 года № 109 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111840); 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120984..1120985>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 353-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-353

---

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү тизмекке ылайык жеке эмгектик ишин же жеке ишкердик ишин жүзөгө ашыруучу жеке жак ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөөгө укугу бар.

2. Ыктыярдуу патенттин негизинде жеке ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жана салык төлөөчү жеке жактар (мындан ары - салык төлөөчүлөр) салыктардын төмөнкү түрлөрүн кошпогондо, ушул Кодексте белгиленген салыктарды төлөшөт:

1) пайдага салык;

2) сатуулардан салык.

Жеке эмгектик ишти жүзөгө ашыруучу жеке жактар киреше салыгынын, пайдага салыктын жана сатуулардан салыктын ордуна ыктыярдуу патенттин негизинде салык төлөшөт.

3. Салык төлөөчүлөр жалданма жумушчулардын эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөнүн жана төлөөнүн ордуна, ар бир жалданма жумушчуга, ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдык эсептик кирешесине жараша эсептелген салыкты төлөө менен, ыктыярдуу патент алууга укуктуу.

4. Ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты төлөө режимин колдонууга төмөнкүлөрдүн:

1) КНСке салык төлөөчүлөр болуп саналган жеке адамдардын жана/же кийинки 12 айдын кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашкандардын;

2) уюмдардын укуктары жок;

3) тигүү жана текстиль тармактарынын субъекттерин кошпогондо, товарлардын импортун жүзөгө ашыруучу жеке жактар.

5. Ушул главада белгиленген шарттарга дал келбеген учурда, салык төлөөчү дал келбөө аныкталган айдан кийинки айдын 1инен тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн белгиленген жалпы тартибине өтөт. Ыктыярдуу патенттин негизинде төлөнгөн жана салык төлөөчү белгиленген жалпы тартипке өткөн учурдан башталуучу мезгилге туура келген салыктын суммасы ашыкча төлөнгөн деп таанылат, аны кириштөө ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.

6. КНС боюнча каттоо чегинен ашканда КНС боюнча салыктык милдеттенме ушул Кодекстин жоболоруна ылайык келип чыгат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2018-жылдын 4-августундагы № 86 , 2018-жылдын 24-декабрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [352-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-352)  
Кийинки берене: [354-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-354)
