# 352-берене. Салыктык отчетту берүүнүн тартиби. Салык төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023); 24.07.2015 [Закон КР от 24 июля 2015 года № 194 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111238)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120999..1121000>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-352>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-352.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 352-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-352

---

1. Салыкты төлөө патент алуу жолу менен ишкердикти баштаганга чейин жүргүзүлөт.

2. Патент удаалаш өтүүчү 30, 90 же 180 күнгө алынат. 90 күндүк патент алууда салыктын суммасы 5 пайызга, ал эми 180 күнгө алууда - 10 пайызга азаят. Айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашырууга патент автомашинанын жүгү менен ар бир жолку чыгып кетүүсүнө сатып алынат.

3. Салыктын суммасы туруктуу болот жана кайра эсептелбейт, ал эми төлөнгөн салыктын суммасы колдонулуу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилине туш келген патенттин негизинде кайра эсептелген салыктын суммасын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте, патент алынгандан кийин кайра берилбейт.

4. Патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык патентте каралган ишкердикке карата бирдиктүү салыктык декларация тапшыруудан бошотулбайт, анда милдеттүү патенттин негизиндеги ишкердик боюнча иш жүзүндө алынган кирешелер аларды милдеттүү түрдө ырастабастан жана төлөнгөн салыктын суммасын кайра эсептебестен көрсөтүлөт.

(КР 2015-жылдын 24-июлундагы № 194, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [351-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-351)  
Кийинки берене: [353-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-353)
