# 351-берене. Салыкты эсептөөнүн тартиби

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 123 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203723)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120913..1120914>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-351>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-351.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 351-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-351

---

1. Салыктын суммасы салыктык базага, салыктык ставкалары такташтырылуучу коэффициенттерди эске алуу менен салыктын ставкаларына жараша аныкталат.

2. Эгер бул беренеде башкача каралбаса, салык салуу объектисинин жайгашкан ордуна жараша төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын аныктоодо төмөнкүдөй такташтырылуучу коэффициенттер колдонулат:

Калктуу конуштардын калкынын санына, миң адам, жараша коэффициенттер

500дөн ашык

250-500

100-250

50-100

20-50

10-20

10 чейин

1

0,7

0,6

0,5

0,4

0,3

0,1

3. Калктуу конуштарда калктын санына карабастан салыкты эсептөөдө бильярд, саны 100дөн ашык машина орду бар автомашина токтоочу жайларды берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүдө 1ге барабар коэффициент колдонулат.

4. Калктуу конуштардын чектеринен тышкарыда көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча салыкты эсептөөдө ага жакын жайгашкан калктуу конуштар үчүн белгиленген коэффициенттер колдонулат.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 123, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [350-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-350)  
Кийинки берене: [352-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-352)
