# 348-берене. Милдеттүү патенттин негизиндеги салыкты колдонуунун жалпы шарттары

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 53-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 апреля 2015 года № 74 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111118)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.04.2015 [Закон КР от 8 апреля 2015 года № 74 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111118); 18.01.2014 [Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205233); 30.07.2013 [Закон КР от 30 июля 2013 года № 166 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203975); 04.07.2013 [Закон КР от 4 июля 2013 года № 114 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203922); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 123 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203723); 29.05.2012 [Закон КР от 29 мая 2012 года № 69 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203669)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120944..1120945>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-348>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-348.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 348-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-348

---

1. Милдеттүү патенттин негизиндеги салык (ушул главада мындан ары - салык) ишкердиктин төмөнкү түрүнө болгон мамиледе милдеттүү негизде төлөнөт:

1) муниципалдык мончолорду эске албаганда сауна, мончо кызматы;

2) бильярд кызматы;

3) (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) (КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) акча алмаштыруу бюросунун кызматы;

6) дискотека жана түнкү клубдар кызматы;

7) сутка бою иштөөчү автотуруктардын кызматы;

8) ломбарддар кызматы;

9) чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун кызмат көрсөтүүлөрү;

10) менчик стоматологиялардын кызмат көрсөтүүлөрү;

11) жарнама такталарын ижаралоо кызмат көрсөтүүлөрү;

12) (КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

13) автотранспорт каражаттарын жуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

14) айыл чарба продукцияларын экспорттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр.

Милдеттүү патенттин шарттарында экспорттолууга жаткан айыл чарба продукциясынын түрлөрүнүн тизмегин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Бий аянтчаларын бергендиги үчүн белгилүү акы же акча каражаттарынын кандай болбосун алдын ала белгиленген суммасын алуучу жайлардын кызмат көрсөтүүлөрү дискотекалардын жана түнкү клубдардын кызмат көрсөтүүлөрү деп түшүнүлөт.

2. Милдеттүү патенттик негизде салык төлөөчү уюмдар жана жекече ишкерлер (ушул главада мындан ары - салык төлөөчүлөр) салыктын төмөнкү түрлөрүн эске албаганда ушул Кодексте белгиленгендей салык төлөшөт.

1) Кирешеге карата салык;

2) Салык салынуучу берүүлөргө карата КНС;

3) Соодага карата салык.

3. Салык төлөөчүлөр жалданган жумушчулардын эмгек акысынан киреше салыгын эсептөөдө жана төлөөдө ишкердүүлүк чөйрөсү менен алектенген, милдеттүү патент алууга тийиш болгон ар бир жалданма жумушчуга ай сайын жети эсептик көрсөткүч өлчөмүндө патент алып берүүгө милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 29-майындагы № 69, 2012-жылдын 25-июлундагы № 123, 2013-жылдын 4-июлундагы № 114, 2013-жылдын 30-июлундагы № 166, 2014-жылдын 18-январындагы № 13, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 24-июлундагы № 194 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [347-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-347)  
Кийинки берене: [349-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-349)
