# 346-берене. Жалпы талаптар

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 27 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111535)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120966..1120967>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-346>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-346.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 346-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-346

---

1. Салык төлөөчүлөр патенттин негизинде салык төлөө менен ушул Кодексте белгиленген кырдаалдарда салык агенттеринин милдеттеринен бошотулбайт.

Бир жолку иштер үчүн кызматкерлерге төлөөлөрдө, жарандык-укуктук келишим (контракт, жалдоо) боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ал иштердин алкагындагы бюджетке киреше салыгын эсептеп чыгуулар, кармоолор жана которуулар ушул Кодекстин талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Ишкерликтин башка түрү менен иштеген, салыкты патенттик негизде төлөбөгөн салык төлөөчүлөр өзүнчө учет жүргүзүүгө, ушул Кодексте белгиленген тартипте ишкердиктин ошол түрү боюнча отчет берүүгө жана салык төлөөгө милдеттүү. Мунун патенттик негизде ишкердик жүргүзүү боюнча чыгымдарды ишкердиктин башка түрү боюнча иштеген, патенттик негизде иш алып барбаган салык төлөөчүлөрдөн жылдык кирешени чогуу чегерүүлөр менен тиешеси жок.

3. Патенттин негизинде салык төлөөнү жүзөгө ашыруучу ишкердикте, өз ара текшерүүлөрдү эске албаганда, патент колдонулган мезгилдин аралыгында көчмө салыктык текшерүүлөр болбойт. Салыктык контролдун башка формалары ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.

Патенттин бар экендигин жана анын колдонуу мөөнөтүн текшерген учурда салык төлөөчү ошондой эле төлөгөндүгү тууралу квитанцияны көрсөтүүгө милдеттүү.

4. (КР 2017-жылдын 20-февралында № 27 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Эгер төмөнкүдөй кырдаалдар болсо салык органы патентти жокко чыгаруу, чакыртып алуу же токтотуп коюуга укугу бар:

1) Салык төлөөчү ишкердиктин патентте көрсөтүлбөгөн түрүн жүзөгө ашырса;

2) Салык төлөөчү башка салык төлөөчүгө берилген патент боюнча иш жүргүзсө;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка тартип бузуулар бар болсо.

(КР 2017-жылдын 20-февралында № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-345)  
Кийинки берене: [347-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-347)
