# 345-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 52-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"](https://aqlex.ai/kg/doc/111776)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120979..1120980>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 345-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-345

---

1. Айрым салыктар милдеттүү патентти же ыктыярдуу патентти сатып алуу жолу менен төлөнүшү мүмкүн.

Патент салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча кагаз жүзүндөгү документ түрүндө же болбосо электрондук форматта (электрондук патент) таризделет. Кагаз жүзүндөгү патент жана электрондук патент бирдей юридикалык мааниге ээ. Кагаз жүзүндөгү патенттин бланктары так отчеттогу документ болуп саналат. Патент ушул Кодексте белгиленген доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде сакталууга тийиш.

2. Милдеттүү жана ыктыярдуу патенттер төмөнкүлөрдү күбөлөндүрөт:

1) салык төлөөчүнүн патентте көрсөтүлгөн иштин түрүн жүзөгө ашыруу укугун;

2) патентте көрсөтүлгөн иштин туру боюнча салыктарды төлөөнү;

3) патент жарактуу болгон салык мезгилинде киреше алууну.

3. Милдеттүү патентти ушул Кодекстин 53-главасында каралган иштин түрлөрү боюнча уюм же жеке ишкер салык төлөөчүнүн салыктык жана эсептик каттоосу болгон учурда, жеке же салык өкүлү аркылуу же ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасы аркылуу ишкердигин жүргүзгөн жери боюнча салык органынан сатып алат.

4. Ыктыярдуу патент жеке жакта салыктык каттоосу же салык төлөөчүдө эсепке алуу каттоосу бар болгон учурда, жеке ишкердигин жүргүзгөн жери боюнча салык органынан жеке жак тарабынан сатып алынышы мүмкүн.

5. Патенттин негизиндеги салыктын суммасы салык төлөөчү тарабынан төмөнкүдөй төлөнүшү мүмкүн:

1) банк мекемесинде, анын ичинде алыстан же дистанциялык банктык тейлөө системасы, анын ичинде интернет же мобилдүү банкинг аркылуу;

2) төлөм терминалы же POS-терминалы, электрондук акча аркылуу.

Банк мекемелери болбогон алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштар үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте патенттин негизинде салыктын суммасын патенттин негизинде салык органына төлөөгө жол берилет.

6. Банктын, төлөм терминалынын, POS-терминалынын квитанциясы же ыйгарым укуктуу салык органына перифериялык түзүлүштөр аркылуу жиберилген патенттин негизинде салыктын суммасы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат салык төлөөчүгө патентти берүү үчүн же мурда берилген патенттин колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн негиз болуп саналат.

7. Ишти патентсиз жүргүзүү каттоосуз иш жүргүзүү жана/же салык төлөөдөн качуу деп таанылат.

8. Патент берилген аймагында (район, районго бөлүнбөгөн шаар же Бишкек шаары) гана жарактуу. Ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында патентти же анын көчүрмөсүн башка адамга берүүгө тыюу салынат.

9. Кагаз жүзүндө берилген патент жоголгондо, салык органы тарабынан анын дубликаты берилет. Мындай учурларда калган салыктык мезгилге салык төлөөчүгө "жоголгондун ордуна" деген белгиси менен жаңы патент берилет.

Электрондук патентти ырастоо максатында салык органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук документти түзөт.

10. Иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга патент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык аларды жүргүзүү укугуна карата лицензияларды жана башка атайын уруксат берүүчү документтерди алмаштыра албайт.

11. Патенттердин реквизиттерин, формаларын жана аларды берүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.

(КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [344-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-344)  
Кийинки берене: [346-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-346)
