# 344-берене. Жер салыгы боюнча жеңилдиктер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112294)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.09.2021 [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112294); 29.06.2017 [Закон КР от 29 июня 2017 года № 114 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111621); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121011..1121014>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 344-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-344

---

1. Эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, төмөнкүлөр үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук участокторду пайдалангандык үчүн жер салыгын төлөөдөн бошотулушат:

1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;

2) кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде балдары эрезеге жеткенге чейин;

3) пенсиялык куракка жеткен жеке адам;

4) 4 жана андан ашык эрезеге жете элек балдары бар жеке адам.

2. Жер пайдалануучу ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурда жергиликтүү кеңештер 3 жылга чейинки мөөнөткө айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга укуктуу.

3. Жергиликтүү кеңештер алардын иши ушул Кодекстин 1591-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон ишканалар үчүн калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлер боюнча жер салыгын төлөөдөн бошотууну берүү укугуна ээ.

(Экинчи абзац КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Жергиликтүү кеңештер чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөрдү жер салыгын төлөөдөн бошотууга укуктуу.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 27-февралындагы № 8, 2017-жылдын 29-июнундагы № 114, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [343-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-343)  
Кийинки берене: [345-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-345)
