# 343-берене. Салык салуудан бошотуу

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 51-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 января 2019 года № 9 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111841)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.01.2019 [Закон КР от 23 января 2019 года № 9 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111841); 27.10.2017 [Закон КР от 27 октября 2017 года № 184 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111691); 20.05.2015 [Закон КР от 20 мая 2015 года № 107 "О внесении дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111150); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 13.04.2012 [Закон КР от 13 апреля 2012 года № 38 "О внесении дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203638)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120985..1120986>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-343>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-343.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 343-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-343

---

1. Эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, төмөндөгүлөр салык төлөөдөн бошотулат:

1) төмөнкү жерлер:

а) коруктардын, резерваторлордун, жаратылыш, улуттук жана дендрологиялык парктардын, ботаникалык жана зоологиялык бактардын, корукчалардын, жаратылыш эстеликтеринин, тарыхый-маданий маанидеги объектилердин, запастагы бөлүштүрүлө элек жерлер, мамлекеттик чек араны бойлой кеткен байкоо тилкеси ээлеп турган жерлер;

б) калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы, коргоочу токой тилкелери ээлеп турган, суу жана токой фондунун;

в) катнашуу жолдорунун, айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, республикалык жана жергиликтүү маанидеги жолдорду бойлото кеткен жер тилкелери;

г) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, өнүмдөрдү өткөрүүчү түтүктөр өткөн жана байланыш линияларынын;

д) айыл чарбасы үчүн пайдаланууга берилгендерди кошпогондо, электр энергиясын иштеп чыгуу же берүү үчүн пайдаланылуучу суу сактагычтардын жана суу каптоочу зоналардын жана электр берүүчү линиялардын астындагы;

2) көрүстөндөрдүн жерлери;

3) мал айдоочу жана мал топтоочу аянтчалардын жерлери;

4) Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, Депозиттерди коргоо фондунун, КРУБ жерлери, эс алуу, бош убакытты өткөрүү жана оюн-зоок үчүн пайдалангандан жана/же ижарага берилгенден башка жерлери;

5) майыптардын уюмдарынын, согуштун катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын жерлери жана майыптар, азиздер жана дүлөйлөр аларда иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы эмгекке акы төлөөнүн жалпы фондунун 50 пайызынан кем эмес суммасын түзгөн Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун, жеке ишкерлердин уюмдарынын жери. Ушул коомдордун, уюмдардын жана жеке ишкерлердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

6) жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин жерлери;

7) бузулган (деградацияланган, топурак кыртышы жана башка сапаттык көрсөткүчтөрү бузулган) рекультивациялоону талап кылган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле жеке адамдар айыл чарба муктаждыктары үчүн алган жерлерге жергиликтүү кеңештер тарабынан белигеленген мөөнөткө салык салынбайт;

8) профсоюздардын санаторийлеринин, эс алуу үйлөрүнүн, пансионаттарынын санитардык-коргоо зоналарына кирген жерлери;

9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдардын кудайга табынуу объекттеринин жерлери.

Кудайга табынуу объекттери - динге биргелешип табынуу жана жайылтуу максатында түздөн-түз ырасымдарды, сыйынууларды жасоо үчүн диний уюмдардын кыймылсыз мүлкү.

10) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын (жеке менчик формасынын негизинде түзүлгөн балдар бакчаларынын) жерлери;

11) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын жерлери.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган салык салуудан бошотуу көрсөтүлгөн жерлер же алардын бөлүгү жер пайдалануучу тарабынан ижарага берилген учурларга жайылтылбайт.

(КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 38, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 20-майындагы № 107, 2017-жылдын 27-октябрындагы № 184, 2019-жылдын 23-январындагы № 9 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-342)  
Кийинки берене: [344-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-344)
