# 341-берене. Жер салыгынын суммасын эсептөө

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 50-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205233)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.01.2014 [Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205233); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202735); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120932..1120933>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 341-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-341

---

1. Жер салыгын эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт.

1) айыл чарба багытындагы жерлер төмөнкүдөй формула боюнча:

Н = С х П х Ки, мында: Н - жер салыгынын суммасы, С - жер салыгынын ушул Кодекстин 337 жана 338-беренелеринде белгиленген ставкасы, П - жер участогунун аянты, га/кв.м, Ки - инфляция коэффициенти.

2) калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

Н = С х П х Ки х Кз х Кк, мында: Н - жер салыгынын суммасы, С - жер салыгынын ставкасы, П - жер участоктун аянты, кв.м, Ки - инфляциянын коэффициенти, Кз жана Кк - ушул Кодекстин 339-берене менен белгиленген коэффициенттер.

3) үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огород участоктор үчүн төмөнкүдөй формула боюнча:

Н = С х П х Кз, мында Н - жер салыгынын суммасы, С - жер салыгынын ставкасы, П - жер участогунун аянты, кв.м, Кз - ушул Кодекстин 339-беренесинин 4-бөлүгү каралган тартипте белгиленген зоналык коэффициент.

2. Эгерде тийиштүү коэффициент белгиленбесе, ал 1,0 менен кабыл алынат.

3. Инфляциянын коэффициентин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын өтүп жаткан жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен өткөн жылдагы факты боюнча бекитет. Инфляциянын коэффициенти белгиленбеген учурда ал өткөн жылдын коэффициентине барабар деп кабыл алынат.

4. Уюм, жеке ишкер, ошондой эле дыйкан же фермердик чарба төлөөгө тийиш болгон жер салыгын эсептөө алар тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык өз алдынча жүргүзүлөт.

5. Жеке адамдардын үй жанындагы жер, короо жай жана багбанчылык участоктору боюнча жер салыгынын суммасын, жеке ишкерлердин ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланган жерлериникинен башкасын эсептөө милдети жер участогу жайгашкан жердеги салык органына жүктөлөт.

6. Эгер бул главада башкача каралбаса жана жер салыгы боюнча салыктык милдеттенме календарлык жылга жетпеген мезгилдин ичинде жарактуу болсо, жер салыгынын суммасы ошол милдеттенме жарактуу болгон айлардын санына пропорциялуу эсептелет.

7. Эгер жер участогунда Кк коммерциялык пайдалануунун ар кандай коэффициенттери колдонулган курулуштар болсо, ал курулуштардын ар бирине тиешелүү жер участокторунун үлүштөрү же алардын бөлүгү алар курулган аянттарга пропорциялуу аныкталат.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2010-жылдын 10-февралындагы № 25, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 18-январындагы № 13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-340)  
Кийинки берене: [342-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-342)
