# 339-берене. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 49-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 08.04.2015 [Закон КР от 8 апреля 2015 года № 74 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111118); 31.12.2014 [Закон КР от 31 декабря 2014 года № 182 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205404); 25.07.2012 [Закон КР от 25 июля 2012 года № 123 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203723); 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202735); 27.07.2009 [Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202732)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120981..1120984>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-339>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-339.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 339-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-339

---

1. Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Региондордун аталышы

Калкынын саны миң менен эсептелген калктуу конуштардын жерлери үчүн ставкалар (сом/кв.м)

5ке чейин

5тен 10го чейин

10дон 20га чейин

20дан 50гө чейин

50дөн 100гө чейин

100дөн 200гө чейин

200дөн 500гө чейин

500 жана андан ашык

Баткен облусу

0,9

1,4

1,5

1,7

1,7

Жалал-Абад облусу

1,2

1,6

1,8

2,0

2,1

Ысык-Көл облусу

1,2

1,6

1,8

2,0

2,1

Нарын облусу

1,0

1,4

1,6

1,7

1,8

Ош облусу

1,3

1,6

1,8

2,0

2,3

2,4

2,6

Талас облусу

1,1

1,5

1,7

1,9

Чүй облусу жана Бишкек шаары

1,2

1,6

1,8

2,0

2,3

2,4

2,9

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган калктуу конуштардын чек арасынан тышкары жайгашкан айыл чарба багытында болбогон жерлер үчүн тиешелүү райондун 5,1 миңден 10 миңге чейин адам жашаган калктуу конуштары үчүн белгиленген ставкалар колдонулат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген жер салыгынын ставкалары Кз экономикалык-пландалуучу зоналар үчүн зоналык коэффициентин жана жер участокторун коммерциялык пайдалануунун Кк коэффициентин колдонуу менен дифференцияланат.

4. Кз зоналык коэффициентинин мааниси жергиликтүү кеңештер тарабынан экономикалык-пландалуучу зоналардын өзгөчөлүктөрүнө жараша, өтүп жаткан жылдын 1-октябрынан кечиктирилбеген мөөнөттө 3 жылда бир жолу төмөнкү өлчөмдө белгиленет:

1) Бишкек шаарында - 0,6дан 3кө чейин;

2) Ош шаарында - 0,3төн 3кө чейин;

3) башка калктуу конуштарда - 0,3төн 1,2ге чейин.

5. Кк коммерциялык коэффициентти пайдалануу үй жанындагы, жер, короо жай жана багбанчылык-огород жер участоктордун турак жай курулуштар же жашоо үчүн менчик ээси тарабынан ижарага өткөрүп берилген курулмалардын бөлүгү ээлеген үлүшкө пропорционалдуу бөлүктөр үчүн 1,0 барабар белгиленет.

6. Коммерциялык пайдалануунун уюмдарга жана жеке ишкерлерге менчик же пайдалануу укугунда, жеке адамдарга ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланылчу бөлүгүндө таандык жер участоктору үчүн Кк коэффициенти төмөнкүдөй максаттарга берилген жер участоктору үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет.

1) дүкөндөр, киосктор, ларектор жана башка соода мекемелери аянттарына жараша:

Аянты, кв.м

10го чейин

10дон 20га чейин

20дан 30га чейин

35тен 50гө чейин

50 жана андан ашык

Кз маани

22,5

16,5

10,5

7,5

6

2) чакан рынокторго, рынокторго, соода рынок комплекстерине - 7,5;

3) мал, жем сатуу рынокторуна - 4,5;

4) коомдук тамак-аш ишканалары - 3;

5) мейманканалык ишмердик ишканалары - 7;

6) банктар, күрөөканалар, алмашуу пункттары - 5;

7) дискотекалар - 7;

8) офистер, бизнес-борборлор, биржалар - 2,5;

9) авто май куюу станциялары - 10;

10) нефти базалар - 1,5;

11) авто токтоочу жайлар, автосервис ишканалары - 4,5;

12) жарнама курулмалары - 50;

13) эс алуу жана көңүл ачуу, спорттук-ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү, жеке кызматтарды көрсөтүү ишканалары, эгер ушул беренеде башкача каралбаса - 1,5;

14) транспорт ишканаларынын администрациялык имараттары: аэровокзалдар, автовокзалдар, автостанциялар, темир жол вокзалдары - 0,9;

15) өнөр жай, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика ишканалары, эркин экономикалык зоналардын аймактары, эгер ушул беренеде башкача каралбаса - 0,5;

16) кен өнөр жайынын ишканалары, ошондой эле темир жол транспортунун жүктөө-түшүрүү станциялары, темир жол жана аба транспортунун ишканаларынын санитардык коргоо зоналары - 0,3;

17) иштетилип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разрездер, күл төгүүчү жайлар - 0,05;

18) геологиялык чалгындоо, долбоорлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери - 0,005;

19) байланыштын жана электр берүүлөрдүн аба линиялары - 0,01;

20) илимий мекемелер, билим берүү мекемелери, саламаттык сактоо, маданият, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия-спорт мекемелери - 0,3;

21) айыл чарбасындагы өндүрүштүк имараттар (гараждар, оңдоо устаканалары, кырмандар, дан тазалоочу комплекстер, жашылча-картошка сактагычтар, курулуш жана чарбалык жайлар жана айыл чарбалык өндүрүш имараттары) - 0,2;

22) коргонуу-спорт-техникалык уюмдар - 0,01.

23) айыл чарба кооперативине жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борборго менчик укугунда таандык болгон жана алардын негизги иш максаттарында пайдаланылуучу имараттар жана курулмалар - 0,1.

(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2010-жылдын 10-февралындагы № 25, 2012-жылдын 25-июлундагы № 123, 2014-жылдын 31-декабрындагы № 182, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2018-жылдын 4-августундагы № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [338-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-338)  
Кийинки берене: [340-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-340)
