# 336-берене. Салыктык база

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 22.12.2011 [Закон КР 22 декабря 2011 года № 248 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203514); 16.03.2010 [Закон КР от 16 марта 2010 года № 51 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202736)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-336>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-336.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 336-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-336

---

1. Жер салыгын эсептөө үчүн салыктык база жер участогунун укукту билдирүүчү документте көрсөтүлгөн аянты болот.

2. Бир нече жактын жалпы менчигинде же пайдалануусунда турган жер участогу боюнча ар бир төлөөчү үчүн салыктык база болуп укукту билдирүүчү документте же менчик ээлеринин (пайдалануучулардын) макулдашуусунда аныкталган жер участогуна үлүш эсептелет.

3. Пайдаланууга (ижарага) берилген жер участогу боюнча салыктык база жер участогуна ижара келишиминде аныкталат.

4. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери боюнча салыктык база тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусунда жана тескөөсүндө турган аймактарды аныктоочу тийиштүү нормативдик укуктук актылардын негизинде аныкталат.

5. Жер участогуна укукту билдирүүчү документ жок болсо салыктык база салык кызматынын тийиштүү органынын, кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан физикалык ченөөгө жараша аныкталат.

Жер участогун физикалык ченөөчү күн жөнүндө салык кызматынын органы жер участогун иш жүзүндө пайдалануучуга ченөө күнүнө чейин 3 күндөн кечиктирбестен кабарлайт. Жер участогун иш жүзүндөгү пайдалануучу ушул Кодекстин 83-беренесинде каралган тартипте кабарланса да дайындалган убакта келбеген учурда жер участогун физикалык ченөө ансыз жүргүзүлөт. Жер участогун физикалык ченөөнүн жыйынтыгы эки нускадагы акты менен таризделет, анын бири кыймылсыз мүлк объекттерин каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет, актынын экинчи нускасы тийиштүү салык органына жер салыгы боюнча салыктык милдеттенменин суммасын аныктоо үчүн берилет. (КР 2010-жылдын 16-мартындагы № 51, 2011-жылдын 22-декабрындагы № 248, 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-335)  
Кийинки берене: [337-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-337)
