# 335-берене. Салык салуу объектиси

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 335-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-335

---

1. Айыл чарба жерлерине жана ушул беренеде көрсөтүлгөн жер салыгы салынчу жерлерге менчик, убактылуу пайдалануу жана пайдалануу укугу салык салуу объекти болот.

2. Төмөнкүдөй айыл чарба жерлерине жана жерлерге салык салынат:

1) калктуу конуштардын жерлери;

2) өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын жерлери жана башка багыттагы жерлер, анын ичинде коргонуунун жерлери;

3) жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоочу, рекреациялык жана тарыхый-маданий маанидеги жерлер;

4) токой фондунун жерлери;

5) суу фондунун жерлери;

6) запастагы жерлер.

3. Жерлер бул бөлүмдүн максаты үчүн Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык классификацияланат.

4. Жер участогуна жалпы үлүштүк менчик болгон учурда салык салуу объектиси болуп жер үлүшүнө менчик укугу эсептелет.

---

Мурунку берене: [334-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-334)  
Кийинки берене: [336-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-336)
