# 334-берене. Жер салыгын төлөөчүлөр

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 48-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 28 "О внесении изменения и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203835)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.02.2013 [Закон КР от 22 февраля 2013 года № 28 "О внесении изменения и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203835); 09.08.2012 [Закон КР от 9 августа 2012 года №158 "О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203758); 22.12.2011 [Закон КР 22 декабря 2011 года № 248 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203514); 16.03.2010 [Закон КР от 16 марта 2010 года № 51 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202736)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120920..1120921>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-334>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-334.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 334-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-334

---

1. Эгер бул беренеде башкача каралбаса, жердин менчик ээси же пайдалануучусу деп таанылган, жерди пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участокту убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө күбөлүк менен, жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк (мындан ары- укукту билдирүүчү документтер) менен ырасталган субъект жер участогу пайдаланылганына же пайдаланылбаганына карабастан жер салыгын төлөөчү деп эсептелет.

2. Бир нече адамдын жалпы менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогу боюнча ушул адамдардын ар бири укукту билдирүүчү документтерде белгиленген жер үлүштөрү, ошондой эле тараптардын макулдашуусу боюнча жер салыгын төлөөчү болушат.

3. Жер участогуна укукту ырастоочу документ жок болгон учурда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүчү жер казынасын иликтөө боюнча геологиялык, геофизикалык жана башка иштерди, илимий-изилдөө жумуштарын анын ичинде жер титирөөлөрдү болжолдоону, инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жана геоэкологиялык иликтөөлөрдү, ошондой эле жер казынасынын бүтүндүгүн бузбастан жүргүзгөн башка жумуштарды аткаруунун жүрүшүндө, жер казынасын геологиялык изилдөөнүн жүрүшүндөгү ээлик кылууну жана/же пайдаланууну, ошондой эле участокко ээлик кылууну жана/же пайдаланууну кошпогондо ушундай участокко иш жүзүндө ээлик кылуу жана/же пайдалануу жер пайдалануучу жер салыгын төлөөчү деп таануу үчүн негиз болуп саналат.

4. (КР 2013-жылдын 22-февралындагы № 28 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин жерлерин, анын ичинде Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди пайдаланууга (ижарага) берүүдө, жер участогун ижарага берген мамлекеттик же муниципалдык пайдалануучу, эгерде ушул статьяда башкача каралбаса, (ижарага берүүчү) жер салыгын төлөөчү болот.

6. Бюджеттен каржыланчу жана ага операциялык башкаруу же чарбалык башкаруу укугунда өткөрүп берилген имарат жана/же курулма турган жер участогу карамагында жана пайдалануусунда турган мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучу чарбалык эсептеги уюмга жана/же менчиктин жеке формасындагы уюмга жана/же жеке адамга ижарага берилген жер участогунан же анын үлүшүнөн башкасы үчүн жер салыгын төлөөчү болуп эсептелбейт.

7. Менчик ээси же пайдалануучу, анын ичинде жер салыгын төлөөдөн бошотулгандар жер участогун ижарага беришкенде айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондудагы жерлерди кошпогондо, жер салыгын төлөөчү ижарага берүүчү болот.

8. Ушул берененин 5-7-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн ижарага берилген жер участкасынан жер салыгы ижарага берүүчү жана ижарага алуучунун жер участкасынын ижарасы келишимине ылайык жер салыгынын келишимдеги суммасы бөлүнүп берилет, ал ижарага берүүчү аркылуу бюджетке төлөнөт.

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди пайдаланууга (ижарага) берүүдө ижарачы жер салыгын төлөөчү болуп саналат. (КР 2010-жылдын 16-мартындагы № 51, 2011-жылдын 22-декабрындагы № 248, 2012-жылдын 9-августундагы № 158, 2013-жылдын 22-февралындагы № 28 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [333-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-333)  
Кийинки берене: [335-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-335)
