# 331-берене. Салыкты эсептөө тартиби. Салык милдеттенмесин алуу күнү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: XIII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.05.2012 [Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203655); 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120904..1120905>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-331>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-331.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 331-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-331

---

1. Мүлк салыгын эсептөөнү ушул Кодекстин ушул бөлүмүндө жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипке ылайык салык төлөөчү өз алдынча жүргүзөт.

2. Эгер ушул беренеде башкасы каралбаса, жаңы курулуш объектисине же анын бөлүгүнө карата мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелер объектти пайдаланууга алган күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып же ушул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша объектти пайдалана баштаган күндөн тартып келип чыгат.

3. Реконструкцияланган объектке же анын бөлүгүнө карата мүлк салыгы боюнча салыктык милдеттенмелер жаңы салык салынуучу нарк боюнча кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып келип чыгат. Объектти же анын бөлүгүн пайдаланууга алган күнгө чейин объекттин мурунку салык салынуучу наркы колдонулат.

Реконструкция жүргүзүлүп жатка объект боюнча 2-топтогу мүлк объектисин же анын бөлүгүн пайдалануу токтотулган учурда реконструкциялоо боюнча иштерди жүргүзүү мезгилине мүлк салыгы реконструкциялоо боюнча иштер башталган айдын биринчи күнүнөн тартып ушул объект ишке киргизилген айдан кийинки айдын бирине чейин мүлккө салык эсептелбейт.

4. Эгер 1-топтогу жаңы курулуштун мүлк объекти көп квартиралуу турак үй пайдаланууга берилсе, бирок пайдаланылбай турса, анда мүлк салыгы боюнча мүлктүк милдеттенме ар бир квартираны өзүнчө пайдалана баштаган күндөн кийинки айдын биринчи күнүнөн кийин келип чыгат.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25, 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [330-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-330)  
Кийинки берене: [332-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-332)
