# 330-берене. Салык боюнча жеңилдиктер

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: XIII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112294)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.09.2021 [Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112294); 04.08.2018 [ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111823); 27.10.2017 [Закон КР от 27 октября 2017 года № 184 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111691); 29.06.2017 [Закон КР от 29 июня 2017 года № 114 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111621); 10.02.2010 [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121011..1121014>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-330>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-330.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 330-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-330

---

1. Төмөнкүлөр салык салууга жатпайт:

1) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн мүлк объекттери;

2) ушул объекттин менчик ээсине таандык, төмөнкү өлчөмдөн ашпаган 1-топтогу бир мүлк объектисинин аянты:

Калктуу конуштарда калктын санына жараша мүлккө салык салынбоочу 1-топтогу мүлк объектисинин аянты, кв.м

Миң адам

5ке чейин

5тен 10го чейин

10дон 20га чейин

20дан 50гө чейин

50дөн 100гө чейин

100дөн 200гө чейин

200дөн 500гө чейин

500 жана андан ашык

Турак үй, дача үй, кв.м.

360

330

300

270

240

210

180

150

Квартира, кв.м.

290

260

230

200

170

140

110

80

3) I жана II топтогу майыптар коомунун, Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун уюмдарынын, мында майыптар, азиздер жана дүлөйлөр иштегендердин жалпы санынын 50 пайыздан кем эмесин түзсө жана алардын эмгек акысы жалпы эмгек акы төлөө фондунун 50 пайыздан кем эмесин түзсө, ошондой эле жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин жана ишканаларынын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын мүлк объектилери. Аталган ишканалардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат;

4) илим, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, социалдык жактан камсыздоо жана балдарды же улгайып калган курактагы аз камсыз болгон жарандарды коргоо чөйрөсүндө иштерди жүргүзүүчү уюмдардын 2-топтогу мүлк объекттери.

5) электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирүүчү транспорт каражаттары.

2. Мүлк салыгын төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

1) "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган адамдар, Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатырлары, баатыр энелер, үч даражадагы Даңк жана Эмгек даңкы ордендери менен сыйлангандар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча катышкан аскер кызматчылары, же болбосо СССРди, Кыргыз Республикасын коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин аткарууда алган жаракаттын, контузиянын же мертинүүнүн кесепетинен, же болбосо майданда болушуна байланыштуу оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен майыптар, аскер кызматчыларынын аталган категорияларына пенсиялык камсыздоо боюнча теңештирилген башка майыптар, Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын жесирлери, ошондой эле I жана II топтогу майыптар - салык салуу объектиси болуп эсептелген бирден гана 1 жана/же 4-топтогу мүлк объектиси же мүлккө салыктан бошотулган адамдын менчик үлүшүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык туура келүүчү мүлк объектисинин бөлүгү боюнча.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар мүлктүн тиешелүү салык салынуучу объектиси боюнча төлөөгө эсептелген мүлк салыгынын суммасынын 50 пайызы өлчөмүндө 1 жана/же 4-топтогу мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат;

2) мотоколяскасы же кол менен башкарылуучу автомобили бар майыптар, - ушул автотранспорт каражаты боюнча.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган жеңилдиктер төмөнкүлөргө берилет:

1) отчеттук салыктык мезгилдин 1-августуна чейин жеңилдикке укугу пайда болгондо - отчеттук салыктык мезгилге;

2) отчеттук салыктык мезгилдин 1-августунан кийин жеңилдикке укугу пайда болгондо - отчеттук мезгилден кийинки салыктык мезгилге.

4. Жергиликтүү кеңештер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) салык төлөөчү ал жеткис күчтүн кесепетинен материалдык зыян тарткан учурларда 3 жылга чейинки мөөнөткө мүлккө салык төлөөдөн толук же жарым-жартылай бошотууга;

2) өндүрүш көлөмүн жана/же чыгарылуучу продукцияны кайра иштетүүнү жылына 30,0 миллион сомдон кем эмес камсыз кылган шартта продукция чыгаруу жана/же кайра иштетүү боюнча иш жүргүзүүчү жаңыдан түзүлгөн уюмдар үчүн 5 жылга чейин мөөнөткө мүлк салыгын төлөөдөн бошотууга.

3) Алардын иши ушул Кодекстин 1591-беренесинде белгиленген жеңилдетилген салык салууга жаткан өнөр жай ишинин преференциялык түрлөрүнө таандык болгон ишканалар үчүн мүлккө салыкты төлөөдөн толугу менен бошотууга.

(Экинчи абзац КР 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Ушул пункттун жоболору өнөр жайлык иштин преференциялык түрлөрүнүн тизмегине киргизилген ишканалар салык салынуучу объекттерди башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге пайдаланууга, ишенимдүү башкарууга же ижарага берген учурларда колдонулбайт.

4) чек арага чектеш преференциялык калктуу конуштарда катталган жана иш жүргүзгөн салык төлөөчүлөр 2 жана 3-топтогу мүлккө салык төлөөдөн толугу менен бошотууга.

5. Күрөөгө коюлуп, банктын менчигине кабыл алынган мүлк ушул мүлк банктын менчигине кабыл алынган күндөн тартып мүлк объектисин пайдалана баштаган күнгө чейинки же ушул окуялардын кайсынысы мурда болгонуна жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө күрөөгө коюлган мүлктү сатуу күнүнө чейинки мезгилге мүлк салыгын төлөөдөн бошотулат.

6. Салык төлөөчү түздөн түз мүлк объектисинин алдында жайгашкан жер участогу үчүн төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын суммасына мүлк салыгынын суммасын азайтууга, бирок ушул мүлк объектисине карата эсептелген мүлккө салыктын суммасынан жогору эмес суммада азайтууга укугу бар.

7. Айыл чарба кооперативинин жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбордун негизги иш максаттарында пайдаланылган, алардын менчигинде же убактылуу пайдалануусунда турган имараттар, жайлар жана курулмалар мүлк салыгын төлөөдөн 50 пайыз өлчөмүндө бошотулат.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25, 2017-жылдын 29-июнундагы № 114, 2017-жылдын 27-октябрындагы № 184, 2018-жылдын 4-августундагы № 86, 2020-жылдын 12-августундагы № 122, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [329-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-329)  
Кийинки берене: [331-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-331)
