# 328-берене. Салыктын ставкасы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: XIII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120887..1120888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 328-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-328

---

Салыктын ставкасы төмөнкүдөй өлчөмдө белгиленет:

1) 1-топтогу мүлк объекттери үчүн - салык салынуучу базанын 0,35 пайызы;

2) 2- жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн - салык салынуучу базанын 0,8 пайызы;

3) 4-топтогу мүлк объекттери үчүн:

а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштегендер:

Транспорттун түрү

Даярдоочу завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү

Кыймылдаткычынын жумушчу көлөмүнүн ар бир 1 куб.см үчүн сом менен салыктын ставкасы

Жеңил автомобилдер, жеңил автомобилдердин базасындагы фургондор жана пикаптар

5 жылга чейин 5тен 10 жылга чейин 10дон 15 жылга чейин 15 жылдан ашык

0,90 0,75 0,60 0,45

Жүк автомобилдери, автобустар, микроавтобустар

5 жылга чейин 5тен 10 жылга чейин 10дон 15 жылга чейин 15 жылдан ашык

0,75 0,60 0,45 0,30

Өзү жүрүүчү машиналар жана/же механизмдер: тракторлор, комбайндар, жол-курулуш машиналары

15 жылга чейин 15 жылдан ашык

0,30 0,15

анын ичинде: айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланылуучу өзү жүрмө машиналар жана/же механизмдер (тракторлор жана комбайндар

15 жылга чейин 15 жылдан ашык

0,10 0,05

Мотоциклдер, мотороллерлор, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, катерлер, кемелер, теплоходдор

10 жылга чейин 10 жылдан ашык

0,15 0,09

Яхталар жана суу мотоциклдери

5 жылга чейин 5 жылдан ашык

1,8 1,2

б) ушул берененин 3-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган ичинен күйүүчү кыймылдаткычы бар же ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жоктор - баланстык наркынан 0,5 пайыз;

в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана баланстык наркы жоктор - ушул Кодкстин 325-беренесинин 2-пунктунун "в" пунктчасына ылайык аныкталуучу наркынан 0,5 пайыз.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [327-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-327)  
Кийинки берене: [329-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-329)
