# 325-берене. Салыктык база

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: XIII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120887..1120888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 325-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-325

---

Төмөнкүлөр мүлк салыгынын салыктык базасы болуп саналат:

1) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 1-, 2жана 3-топтордогу мүлк объекттери үчүн, - ушул бөлүмдө белгиленген тартипте аныкталуучу мүлк объекттеринин салык салынуучу наркы;

2) ушул Кодекстин 324-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 4-топтогу мүлк объекттери үчүн:

а) ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштөөчүлөр үчүн, - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү же баланстык наркы;

б) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жоктор үчүн, - баланстык наркы. Ушул бөлүмдүн максаты үчүн Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык амортизацияны эске алуу менен эсептелинген, мүлк салыгы боюнча салыктык мезгилдин башына карата мүлк объектинин наркы баланстык нарк катары түшүнүлөт;

в) ичинен күйүүчү кыймылдаткычы жана эсептик наркы жоктор үчүн, - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык аныкталуучу нарк.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [324-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-324)  
Кийинки берене: [326-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-326)
