# 324-берене. Салык салуу объектиси

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: XIII БӨЛҮМ
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202735)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120887..1120888>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 324-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-324

---

1. Төмөндөгүлөрдө турган мүлктөр мүлк салыгы салынуучу объект болуп саналат:

1) мамлекеттик менчикте мамлекеттик ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;

2) муниципалдык менчикте муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугунда, ал эми мекемелерге - оперативдүү башкаруу укугунда бекитип берилгендер;

3) жеке менчикте.

2. Салык салынуучу мүлккө төмөнкү объекттер кирет:

1) 1-топ: ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган, туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү;

2) 2-топ: турак үйлөр, квартиралар, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, администрациялык, өнөр жайлык, ошондой эле ишкердик ишти жүргүзүү үчүн арналган жана/же пайдаланылган башка капиталдык курулуштар;

3) 3-топ: ишкердик ишти жүргүзүүгө арналган жана/же пайдаланылган киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл же башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар;

4) 4-топ: транспорт каражаттары, анын ичинде өзү жүрүүчү машиналар жана механизмдер.

3. Салык салуу объектиси болуп саналбаган мүлк объекттеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

(КР 2010-жылдын 10-февралындагы № 25 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-323)  
Кийинки берене: [325-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-325)
