# 322-берене. Салык төлөө жана салыктык отчеттуулукту берүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2015 года № 96 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111139)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120946..1120947>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 322-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-322

---

1. Салык төлөөчү тарабынан сатуудан салык эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен ай сайын төлөнөт.

2. Сатуудан салык салык төлөөчү болуп саналган чакан ишкердиктин субъекти тарабынан эсептик катталган жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен квартал сайын төлөнөт.

3. Салык төлөөчү тарабынан салыктык отчет берүү эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен ай сайын берилет.

4. Салыктык отчеттуулук сатуудан салык төлөөчү болуп саналган чакан же орто ишкердиктин субъекти тарабынан эсептик катталган жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен квартал сайын берилет.

5. Эсептик каттоо болбогон учурда, сатуудан салык салыктык катталган жери боюнча төлөнөт.

(КР 2015-жылдын 15-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [321-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-321)  
Кийинки берене: [323-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-323)
