# 319-берене. Салыктын ставкасы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 47-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 декабря 2016 года № 212 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111493)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.12.2016 [Закон КР от 22 декабря 2016 года № 212 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111493); 31.12.2015 [Закон КР от 31 декабря 2015 года № 235 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111279)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120965..1120966>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-319>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-319.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 319-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-319

---

1. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, сатуудан салыктын ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) накталай түрдө төлөнгөн КНС салынуучу жана/же КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда:

а) 1 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;

б) 2 пайыз өлчөмүндө - ушул пункттун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн;

2) КНС салынуучу жана накталай эмес формада төлөнгөн КНС бошотулган товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда - 0 пайыз өлчөмүндө.

2. Төлөнгөн товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатууда ушул берененин 1-бөлүгүндө каралбаган учурларда, сатуудан салык ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) накталай формада:

а) 2 пайыз өлчөмүндө - соода иши үчүн;

б) 3 пайыз өлчөмүндө - ушул бөлүктүн 1-пунктунун "а" пунктчасында каралбаган иш үчүн;

2) накталай эмес формада - 0 пайыз өлчөмүндө.

3. Сатуудан салык ставкасы банк үчүн 2 пайыз өлчөмүндө жана уюлдук байланыш чөйрөсүндөгү иш үчүн 5 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

4. Ушул беренеде:

1) сатуу максатында сатып алынган товарларды сатуу боюнча иш соода иши деп түшүнүлөт;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул кызматтарды көрсөткөн байланыш жаатындагы уюмдарга берилүүчү лицензияларда саналып өткөн зымсыз телекоммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр жана спутник байланышы уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрү деп түшүнүлөт.

(КР 2015-жылдын 31-декабрындагы № 235, 2016-жылдын 22-декабрындагы № 212 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [318-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-318)  
Кийинки берене: [320-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-320)
