# 313-берене. Роялти төлөөнүн жана салыктык отчеттуулукту берүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 мая 2015 года № 96 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111139)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1120946..1120947>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-313>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-313.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 313-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-313

---

1. Салык төлөөчү эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, роялти төлөөнү эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен ай сайын жүргүзөт.

2. Роялтинин салык төлөөчүсү болуп саналган чакан ишкердиктин субъекти тарабынан роялтини эсептик катталган жери боюнча төлөө отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт.

3. Роялтинин салык төлөөчүсү тарабынан салык эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, отчеттуулук эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирилбестен ай сайын берилет.

4. Роялтинин салык төлөөчүсү болуп саналган чакан же орто ишкердик субъектинин салыктык отчеттуулугу эсептик катталган жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен квартал сайын берилет.

5. Өзүнө таандык же өзүнүн пайдалануусундагы жер участогунда ишкердик ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган кумду, чопону жана кум-шагыл аралашмасын казып алган жер участогунун менчик ээси же жер пайдалануучу салыктык отчеттуулукту бербейт.

(КР 2015-жылдын 15-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [312-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-312)  
Кийинки берене: [314-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-314)
