# 310-берене. Роялтинин ставкасы

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 августа 2020 года № 141 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112082)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.08.2020 [Закон КР от 22 августа 2020 года № 141 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112082); 06.10.2012 [Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203769); 09.08.2012 [Закон КР от 9 августа 2012 года №158 "О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203758)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121007..1121008>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-310>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-310.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 310-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-310

---

1. Суу менен жабдууга адистештирилген уюмдарды кошпогондо, роялтинин ставкасы накталай түрдө алынуучу суунун көлөмүнө жараша төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

Пайдалуу кендер

Өлчөө бирдиги (салык базасы)

Ставка (пайыз же сом менен)

Ичүүчү суу катары куюштуруу үчүн минералдык жана тузсуз суулар

куб.м

200 сом

Дартты дарылоо үчүн минералдык жана термалдык суулар

куб.м

0,05 сом

Жылытуу үчүн термалдык суулар

куб.м

0,12 сом

Ичүүчү тузсуз суулар

куб.м

0,15 сом

Техникалык тузсуз суулар

куб.м

0,10 сом

Айыл чарба өндүрүшү үчүн суулар

куб.м

0,01 сом

2. Роялтинин ставкасы төмөнкүдөй белгиленет:

1) алтын, күмүш жана платина, ошондой эле металл камтылган кендер жана алтындын, күмүштүн жана платинанын концентраттары үчүн - 5 пайыз;

2) алтынды, күмүштү жана платинаны кошпогондо, металлдар, металл камтылган кендер жана металлдардын концентраттары үчүн - 3 пайыз;

3) суу менен камсыздоочу адистешкен уюмдар үчүн - 5 пайыз;

4) гипске - 6 пайыз;

5) бетин каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз;

6) таш көмүргө, күрөң көмүргө - 1 пайыз.

3. Сатылган пайдалуу кендердин же аларды кайра иштетүү продуктуларынын ушул берененин 1 жана 2-бөлүгүндө каралбаган, роялти ставкалары ушул кодекстин 309-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык эсептелген салык базасынын 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет.

(КР 2012-жылдын 9-августундагы № 158, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 18-июлундагы № 141, 2020-жылдын 22-августундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [309-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-309)  
Кийинки берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-311)
