# 31-берене. Салыктардын түрлөрү

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 августа 2020 года № 108 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112070)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.08.2020 [Закон КР от 1 августа 2020 года № 108 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112070); 18.04.2020 [Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112046); 22.05.2015 [Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111158); 08.07.2011 [Закон КР от 8 июля 2011 года № 87 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203330)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121002..1121003>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 31-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-31

---

1. Кыргыз Республикасында жалпы мамлекеттик салыктар жана жергиликтүү салыктар, ошондой эле атайын салык режимдери белгиленет.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар деп ушул Кодексте белгиленген жана Кыргыз Республикасынын бардык аймагында төлөнүүгө милдеттүү салыктар эсептелет.

3. Жергиликтүү салыктар деп ушул Кодексте белгиленүүчү жана жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары менен колдонууга киргизилүүчү, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарында төлөнүүгө милдеттүү болгон салыктар түшүнүлөт.

4. Салыктардын жалпы мамлекеттик түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) пайда салыгы;

3) кошумча нарк салыгы;

4) акциз салыгы;

5) жер казынасын пайдалануу салыгы;

6) сатуу салыгы.

5. Жергиликтүү салыктарга төмөнкүлөр кирет:

1) жер салыгы;

2) мүлк салыгы;

6. Атайын салык режимдерине төмөнкүлөр кирет:

1) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

3) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы;

4) салык контрактынын негизиндеги салыктар;

5) эркин экономикалык аймактардагы салык режими;

6) (КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);

7) Жогорку технологиялар паркындагы салык режими;

8) чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы.

9) майнингге салык.

(КР 2011-жылдын 8-июлундагы № 87, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44, 2020-жылдын 1-августундагы № 108 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамы менен 31-беренеге киргизилген өзгөртүүлөр 2021-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-32)
