# 309-берене. Салыктык база

- Документ: [Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/202445)
- Документтеги орду: 45-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябры № 230 "Салык кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 230
- Кабыл алынган күнү: 17.10.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 августа 2020 года № 141 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112082)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445#diff=1121007..1121008>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-309>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-40/edition/1120877/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202445/st-309.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Салык кодекси, 309-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-309

---

1. Роялти салыгынын базасы төмөнкүлөр болот:

1) КНС жана сатуудан алынган салыкты эсепке албастан, төмөнкүлөрдү сатуудан түшкөн акча:

- металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын кошпогондо, пайдалуу казындыларды же;

- пайдалуу казындыларды иштетүүнүн натыйжасында алынган продукцияны;

2) сатылган продукциянын көлөмү натуралай өлчөмүндө;

3) жер астынан алынган суунун өлчөгүч менен ченелген көлөмү - суу менен камсыздоочу атайын уюмдардан башка роялти салыгын төлөөчүлөр үчүн.

4) металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган, салык мезгилинде сатылган химиялык таза металлдын наркы.

Эгерде металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында камтылган химиялык таза металлдын наркы металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акчадан төмөн болсо, анда роялтинин салык базасы катарында металл камтылган кендерди жана биржалык металлдардын концентраттарын сатуудан түшкөн акча колдонулат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте аныкталуучу химиялык таза металлдын наркы биржалык металлдын наркына жана металл камтылган кенде же биржалык металлдын концентратында металлдын камтылышына жараша эсептелет.

Биржалык металлдын наркы салык мезгилинин ичинде металлдардын Лондон биржасында баалардын котировкалары жарыяланган күндөрдөгү металлдарга баалардын күн сайынкы орточо котировкасынын суммасы менен металлдарга баалардын котировкасы жарыяланган салык мезгилиндеги күндөрдүн санынын ортосундагы орточо арифметикалык мааниси катары аныкталат.

3. Ушул главада биржалык металл деп наркы металлдардын Лондон биржасында котировкалануучу металл түшүнүлөт.

(КР 2020-жылдын 22-августундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [308-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-308)  
Кийинки берене: [310-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202445/st-310)
